Бир катар объекттер улутташтырылды

Бүгүн Убактылуу өкмөттүн кезектеги отурумунда Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров бир катар объекттерди улутташтыруу боюнча декреттердин долбоорун сунуштады.

Ага ылайык, “Аврора-Грин” туристтик комплексинин 29 коттежи менен көп батирлүү конок үйү мамлекеттин карамагына өттү. А.Бекназаровдун айтымында, мурда Максим Бакиевге таандык болгон бул жайлар президенттин иш башкармалыгынын карамагына өтмөкчү.

Андан тышкары А.Бекназаров өз сөзүндө М.Бакиев жакын адамдары менен бирге “Sky Finance” жабык акционердик коомун түзүп, бир катар объекттерге тиешелери болгонун билдирип, “Sky Finance” компаниясынын “Каприз” жоопкерчилиги чектелген коомундагы 28,34 пайызы, “СК Ресурс жана коттеждерге” таандык 35 пайыз акциясы улутташтырылмакчы.

Ошол эле “СК Ресурстагы” мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго таандык 35 пайыз акциясы, “Каприз” эс алуу борборунда жайгашкан Марат Бакиевдин аялына таандык эс алуу үйү да улутташтырылмакчы.
Ошондой эле “Континент принт” жоопкерчилиги чектелген коомунун , “Sky Finance” компаниясына таандык 65 пайыз акциясы мамлекеттин карамагына өтөт.

А.Бекназаров “ЯК-40” учагын улутташтыруу маселесине токтолуп, ал учак 2008-жылы “Кыргызстан аба жолдорунан” М.Бакиев, А.Ширшовдордун көрсөтмөсү менен “Авиа Альянс Авиакомпаниясы” аттуу ишканага өтүп кеткенин айтып, аны мамлекетке кайтаруу үчүн декрет долбоорун сунуштап атканын айтты. Булардан тышкары “Кант цемент заводу” ачык акционердик коомунун 13,21 пайыз акциясы мамлекетке өткөрүлмөй болду. Жогорудагы объекттер боюнча бардык декрет долбоорлорун Убактылуу өкмөт мүчөлөрү колдоп беришти. (IJz)