Жаанга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал

19-20-июль күндөрү нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Кыргызстанды тоо эиектериндеги жана тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде табигый кырсыктарды алдын алуу иштери башталып, адам өмүрүнө кооптуу делген аймактар такталууда. (IJz)