Казак-кыргыз чек арасындагы атышуулар боюнча атайы иликтөө тобу түзүлдү

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 13-июлда кыргыз-казак чек арасында Сүт-Булак ашуусунун аймагында казак чек арачылары менен кыргызстандык жарандардын ортосунда ок атышуу болгон. Алдын ала маалыматтарга жана кыргыз тараптын жүргүзгөн бир тараптуу иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын төрт жараны Байсорун капчыгайына мергенчиликке чыгышкан. Алар чек ара тилкесин билбегендиктен, Казакстандын аймагына өтүп кетишкен. Казак чек арачылары аларды токтотуу аракетин көрүшкөн. Жыйынтыгында, ортодо ок атышуу болуп, Кыргызстандын эки жараны каза таап, бири кармалган. Ошондой эле бир казак чек арачысы жарат алган. Учурда окуянын чоо жайын иликтөө максатында Кыргызстандын жана Казакстандын чек ара кызматтарынан турган атайын топ түзүлдү. (AzK)