Темир Сариев кызматын өткөрүп берди

Мурдагы Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев күздөгү парламенттик шайлоого катышуу ниетинде ээлеген кызматын бошотуп берди. Ал шайлоого “Ак шумкар” партиясын баштап барат. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти. Ошондой эле Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева да СДП партиясынан парламенттик шайлоого катыша тургандыгына байланыштуу кызматтан кетти.
Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, СДП партиясынын лидери А.Атамбаев кызматтан кетишкенин билдиришкен. (AJ)