“Хезболланын” жетекчи өкүлдөрүнүн бири Израилге каршы согуш башталчу болсо, бутага алынчу аскердик жайлардын тизмеси бар экенин билдирди. Уюмдун түштүк Ливандагы командири, шейх Набил Каук мындай пикирин Израил “Хезболланын” курак-жарак катылган жайларынын картасын жарыялаганына байланыштуу билдирди. Соңку айларда эки тарап бири бирин опузалап келатышат. 2006-жылы Израилдин Ливандагы аскердик операциясынан 1200дөй ливандык жана 160тай жөөт аскери мерт болгон.