Бул маселе бүгүн Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагевдин жеткчилиги алдында өткөн 6-7-апрелдеги окуяда жабыркагандарга социалдык жардам көрсөтүү маселесин караган комиссиянын жыйынында айтылды. Анда Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашевдин апрель окуяларында жабыркагандарды жакындарын жогорку окуу жайына жана мектепке чейинки мекемелерге кабыл алуу шарттары боюнча отчету угулду. Ага ылайык жогоруда белгиленген адамдарга жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнөн 140 орун бөлүнгөн. Ошондой эле жабыркагандардын балдарына мамлекеттик бала бакчалардан орундар берилмекчи. (КЕ)