Eвропа Биримдиги Белорусту реформага чакырды

Биримдиктин Кеңейүү жана Коңшулар саясаты боюнча комиссары Штефан Фюле Минскиде президент Александр Лукашенко менен жолукканда сүйлөдү. Анын айтымында, Евросоюз менен алакасын оңдоо үчүн, өлкө бул максатта түзүлгөн «реформалар планын» кабыл алышы керек. «Анын ичинде Белоруста өлүм жазасы күчүнөн кетирилип, репрессиялар токтотулуп, келерки жылга белгиленген президенттик шайлоо демократиянын эрежелери менен өткөрүшү зарыл» , - деди Фюле. Лукашенко ага «Белорус сиздин да, Орусиянын да, АКШнын да алдында тизелебейт» деп жооп кайтарды.