ӨКМ Ош, Жалал-Абадда келтирилген чыгымдардын көлөмүн жарыялады

Алдын ала маалыматтарга караганда июнь айындагы баш аламандыктардын кесепетинен Ош жана Жалал-Абад облустары жана Ош шаары 3 миллиард 265 миллион сомго зыян тарткан. Ош шаарында чыгым 2 миллиард 200 миң сомду түзүп, Ош облусу 351 млн. 156 миң сомго, Жалал-Абад облусу 714 млн. 220 миң сомго зыян тартканын Өзгөчө кыраалдар министринин орун басары Мукамбет Касымалиев бүгүн маалымат жыйынында жарыялады. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)