Москва өкмөтү Кыргызстанга санитардык унаа берет

Бүгүн Саламаттык сактоо министрлигине Москва өкмөтү флюорография орнотулган санитардык 5 унааны кайтарымсыз тапшырат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда Орусия Федерациясы жалпы жонунан 7 миллион 253 миң 411 рубль өлчөмүндөгү дары-дармек, медициналык жабдыктарды гуманитардык жардам катарында берген. (AJ)