Куба бийлиги 52 саясий туткунду абактан чыгарууга макул

7-июлда президент Раул Кастро менен Гаванадагы рим-католик чиркөөсүнүн архиепискобу Хайме Ортега жолуккан соң өкмөт ушундай чечимге келди. Сүйлөшүүлөргө Кубанын жана Испаниянын тышкы иштер министрлери да катышты. Испаниянын тышкы иштер министри Мигуэл Ангел Моратинос эгер Кубанын бийлиги улуксаат берсе Испания 52 саясий туткунду кабыл алууга макул экендигин билдирди. Кубадагы укук коргоочу уюмдардын маалыматында, дагы 110дон ашуун саясий туткун түрмөдө отурат.