Кыргызстанда "Бириккен элдик кыймыл" партиясы түзүлдү

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаровдун бүгүнкү маалымат жыйында билдиргенине караганда, "Бириккен Элдик Кыймыл" партиясынын курултайы Суусамырда өткөрүлүп, анда борборду Ошко көчүрүү маселеси коюлат. Ошондой эле А. Бекназаров азыркы учурда бул партиянын катарына 18 партия кошулганын билдирди. Уюштуруу жыйыны болжол менен 20-июлда болот, ошондо анын лидерин шайлоо маселеси чечилет. Бул партия Юстиция министрлигинен каттоодон өттү. А. Бекназаров өзү жана Убактылуу өкмөттөгү шайлоого бара турган башка саясатчылар жөнүндө өзүнчө токтолуп, мындай шартта алар кызматын өткөрүп бериши керектигин белгиледи. (AzK)