Ош облусунда кырдаал туруктуу

Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын маалымат кызматы билдирет. Өткөн бир сутка аралыгында Ош шаарында 43 кылмыш иши катталып, төртөөнүн бети ачылган. Коменданттык сааттык бузгандыгы үчүн үч адам комендатурага алып келинген. Ал эми Ош облусу боюнча 27 кылмыш иши катталып, алардын он биринин бети ачылган. Облустагы Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздугунун жана Коргоо министрлигинин күчтөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипти сактоо боюнча иш чараларды аткарышууда. Ушул тапта коогалаңда каза тапкан 43 дененин өздүгү аныкталбаган бойдон калууда. Баш аламандыктарда уурдалган 54 авто унаа табылып, алардын экөө кечээ ээлерине кайтарылды. (IJz)