Азербайжан Тоолуу –Карабах боюнча АКШдан жардам күтөт

Азери президенти Ильхам Алиев бул тууралуу бүгүн Бакуда АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен жолугушуу учурунда билдирген. Алиевдин айтымында, Азербайжан АКШ анын Армения менен Тоолуу –Карабах боюнча чатагын чечүү үчүн” эл аралык мыйзамга негизделген жол табууда жардам берет жана тараптардын баары менен тыгыз иштешет”,- деп күтөт. Клинтон болсо өз сөзүндө бул маселе АКШ үчүн да маанилүү экендигин белгилеген. АКШ Мамлекеттик катчысы Кавказ боюнча сапарынын алкагында, Азербайжандан соң Арменияга жана Грузияга барат.