Ошто мыйзамсыз куралдарды тапшыруу боюнча үгүт иштери уланууда

Ош шаардык комендантурасынын басма сөз кызматынын өкүлү Рахматулло Ахмедовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомчулук менен бирге эл ичинде курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу жөнүндө үгүт иштерин жүргүзүүдө. Анын негизинде жарандар аңчылык үчүн мыйзамдуу алып жүргөн куралдарын жергиликтүү ички иштер органдарына убактылуу тапшырууда. Түштүктөгү тополоңдо элдин колуна тарап кеткен куралдарды чогултуу боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө. (КЕ)