Хиллари Клинтон: НАТОнун эшиги Украина үчүн ачык

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон НАТОнун эшиги Украина мүчө болуп өтөм десе ар убак ачык экенин айтты.

-Украина күнкорсуз өлкө катары союздаштарды өзү тандаганга укуктуу. НАТОнун эшиги ачык. Бирок Украина өз коопсуздугу үчүн кандай жолду тандайт, аны өзү чечет.

Клинтон айым мындай билдирүүнү Киевде украиналык өнөктөшү Константин Гришенко менен 2-июнда болгон кездешүүдө жасады. Президент Виктор Янукович башындагы украин жетекчилиги мурдакы президент Виктор Ющенконун НАТОго кошулуу планынан баш тарткан.

1-июлда Украин парламенти өлкөнүн бейтарап статусу жөнүндө мыйзам кабыл алды. Мамкатчы Хиллари Клинтон Украинадан кийин Польша, Азербайжан, Армения жана Грузияга барат.