Жаңы окуу жылына бүджеттен 200 млн. сом бөлүнөт

Жалпы билим берүү тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында 2010-2011 окуу жылы үчүн республикалык бүджеттен 200 миллион сом бөлүү тууралуу буйрукка Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бүгүн кол койду. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)