«Флексии Комюникейшн» компаниясынын жетекчисинин иши сотко өттү

«Флекси Коммюникейшн» компаниясынын башкы директору Вугар Халиловдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөнүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Аталган чет элдик жаран Инновация, инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев жана «MGN group» ишканасынын директору Евгений Гуревич менен табакташ болуп, алардын кылмыштуу каржылык операцияларын ишке ашырууга катышкан деп айыпталууда. Вугар Халилов 12-апрелде оболу күбө катары кармалып, андан соң кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттарын жымырып алууга катышы бар деген шек менен улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына эки айга камалган болчу. (КС)