Ысык-Көлдө эс алуучулардын саны өткөн жылдагыдан 5 эсе аз

Ысык-Көл райондук салык башчысынын орун басары Айбек Мамбеталиевдин айтымында, учурда 1610 эс алуучу бар. Бул өткөн жылдагыдан 5 эсеге аз. Ошондуктан туристтерди тартуу үчүн Ысык-Көлдүн бийлик өкүлдөрү 7-июлда Алма-Ата шаарында жыйын өткөрүп, Кыргызстанда абал тынч экенин айтарын район жетекчиси Нурлан Насирдинов билдирди.

Райондун башкы санитардык дарыгери Малик Мамбетовдун маалыматы боюнча, быйыл 90 пансионат текшерүүдөн өтүп, 32си иштөө үчүн укук кагаздарын алды.

Быйыл жайкы сезон жылдагыдан 1 айга кеч башталды. (RB)