Кыргызстанга Франциянын адам укуктары боюнча элчиси келди

Франциянын адам укуктары боюнча элчиси Франсуа Зимрэ Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяны иликтеп, баа берет. Бул туурасында элчи бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ал Кыргызстанда өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева, укук коргоо жана эл аралык уюмдар, Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ), Европа биримдиги, Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) өкүлдөрү менен жолугушат. Франсуа Зимрэ Франциянын тышкы иштер министринин өтүнүчү менен келгенин жана иликтөөдө Франциянын Кыргызстанга кандай жардам бере ала тургандыгын аныкталарын билдирди. Ал окуя тууралуу толугу менен маалымат жоктугун жана эки кагылышта эки улут тең жабыркаганын кошумчалады. (КЕ)