Экономикалык тескөө министрлигинде ишеним телефону иштөөдө

Экономикалык тескөө министрлиги - ишкерлерди колдоого алуу жана аларды жөнү жок текшерүүлөрдү азайтуу максатында ишеним телефонун ачты. Бул тууралуу Экономикалык тескөө министрлигинен маалымдашты. Ага ылайык, мындай фактылар катталган учурда аталган министрлик бардык каалаган маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен чогуу жөнү жок текшерүү болуп аткан жерге барып, алынган маалыматтарды кеңири жарыялоону сунуштайт.

Убактылуу өкмөт 13-майда “Тартип коргоо, салык жана башка тиешелүү органдардын ишкерлерди текшерүүсүн чектөө тууралуу” деп аталган декрет кабыл алган болчу. Бул чектөөлөр ушул жылдын 31-декабрына чейин иштейт. Ага ылайык, ишкерлерди текшерүүлөр былтыркы жылдагы текшерүүлөрдүн 30 пайызын гана түзүшү керек. Мыйзамсыз текшерүү фактылары тууралуу ишкерлер 62 62 19 номуру аркылуу билдиришсе болот. (IJz)