Оштогу кыргыз-өзбек университетинин атын өзгөртүү каралууда

Оштогу кыргыз-өзбек университетинен маалымдашкандай, аталган окуу жайдын окумуштуулар кеңеши чечим кабыл алып, аталган окуу жайдын атын “Кыргызстандагы Борбор Азия университети” деген атка алмаштыруу демилгеси менен чыгышты. Ушул тапта окуу жайдын атын өзгөртүү боюнча сунуш Билим берүү министрлигине жөнөтүлдү.

Айта кетсек, 1994-жылы негизделген Ош шаарындагы Кыргыз-өзбек университетинде 13 миңден ашуун студент билим алат. (IJz)