ЕККУнун байкоочулар миссиясын жетектеген Борис Фрлец бүгүн маалымат жыйынында жалпы элдик добуш берүүнү тынч өткөрүүнү камсыздай алган кыргыз бийлигин мактоого алды. ЕККУ делегациясы референдумга карата шайлоочулар активдүү катышканын билдирип, бул жарандардын бейпил демократиялык келечек курууга кызыкдар экендигинен кабар берет деп баалады. ЕККУ байкоочулар миссиясы түштүктө качкындардын бир бөлүгү добуш бере албай калгандыгын белгилеп, буга “өзбек диаспора лидерлерин кармап, коркутуп үркүтүүлөр болуп жаткандыгы себеп болду" деп билдирди. Ошондой эле түштүктөгү шайлоочулардын референдумга катышы өлкөнүн башка дубандарынан төмөн болгонун кошумчалады. Ошондой эле миссия жалпы элдик добуш берүүгө карата үгүт иштери өтө жандуу алып барылбаганын белгиледи. (EK)