Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева БШК жана убактылуу өкмөт мүчөлөрүн сынга алып, добуш берүү соңуна чыга электе референдум жыйынтыктарын алдын ала чыгаруу эрежеге жатпасын бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Үмөталиева референдумду өткөрүүдө маалыматтык үгүт иштеринде бир катар мыйзам бузуулар орун алганын да кошумчалады. “Убактылуу өкмөт өзү кабыл алган декреттерге ылайык өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда референдум өткөрүүгө тыюу салынат. Түштүктө 27-июнда саат кечки 22.00дөн тарта коменданттык саат кайрадан киргизилгендиктен, бул шайлоо участкаларындагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу керек,”-дейт укук коргоочу. Мындан тышкары ал айрым шайлоо участкаларында бююлетендерди салуу үчүн үкөкчөлөрдү бекитүүдө калпыстыктар кеткенин айтып, буга далил катары видеоматериалдары бар экендигин билдирди.
БШК төрагасы Акылбек Сариев болсо олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын, анча-мынча оозеки даттануулар болгону менен мыйзам бузуулар боюнча кат жүзүндө эч кандай кайрылуу болбогонун бүгүн эртең менен "Азаттыкка" билдирген. (EK)