Обама: Ооганстандан аскерлер чыгарылышын күткөндөр көп

АКШнын президенти Барак Обама «Чоң жыйырманын» Канададагы саммитинен кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатып, америкалык аскерлер Ооганстандан качан чыгарылаарынын так датасын билүүнү каалагандар көп экенин, бирок ал үчүн Ооганстандагы тынчтык миссиясынын ийгилиги маанилүүрөөк экенени айтты. Ал өзүнүн аскерий стратегиясы жөнүндө сүйлөп жатып, АКШ Ооганстанга узак убакыт бою колдоо көрсөтөөрүн бышыктады. «Негизги максат – Ооганстан жаңы террор актылары даярдалчу аянтка айланып калышына жол бербөө», - деп айтты америкалык президент.