Кытай юаньдын эң жогорку курсун белгиледи

Өлкөнүн улуттук банкы юаньдын АКШ долларына карата акыркы бир топ жылдардан берки эң жогорку көрсөткүчүн (1 доллар – 6,7890) атады. Буга чейин “Чоң жыйырманын” Торонтодогу саммитинде АКШнын президенти Барак Обама Кытайды улуттук валютасынын курсун төмөндөтүүгө чакырган эле. Анткени америкалык ишкерлер өздөрүнүн продукциясын Кытайга экспорттоодо миллиарддаган доллар чыгаша тартып жатышканын айтышкан.