Референдумга шайлоочулардын 68 пайызы катышып добуш берди

БШКнын автоматтык шайлоо системасындагы саат 21.00 дөгү соңку маалыматка караганда, референдумга 1 884 549 шайлоочу катышып добуш берди. Бул тизмедеги шайлоочулардын 68,11 пайызын түзөт. Эн жогорку активдүүлүк Чүй жана Ысык-Көл областтарында болду. Бул жакта шайлоочулардын 82 пайызы келип добуш берди. Чыр-чатак чыгып тынчыган Ош жана Жалал-Абад областтарында көрсөткүч 50 пайыздан ашты. Ош областында шайлоочулардын 55 пайызы, Ош шаарында 51 пайызы, Жалал-Абад областында 59 пайызы добуш берүүгө катышты. Кыргызстандын сыртында добуш бергендердин көрсөткүчү 56 пайызды түздү.

Кечки саат сегизде добуш берүү участоктору жабылды. БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөгө киришти.(КС)