Ысык-Көлдө миң чакты эс алуучу добуш бериши күтүлүүдө

Ысык-Көл райондук акиминин биринчи орун басары Роза Кайыкованын маалыматы боюнча, жалпысынан бул аймакта миңге жакын эс алуучу референдумга добуш бериши күтүлүүдө. Учурда Ысык-Көл жээгинде 410 эс алуучу жана сырттан келген 537 конок каттоодон өткөн.

Жалпы элдик добуш берүү жекшембиге туш келгендиктен эс алуучулардын саны каттоого алынгандан көп болушу мүмкүндүгү айтылууда.(RB)