Кыргызстанга 75 миң 685 качкын кайтып келди

Алардын көпчүлүгү туугандарына, мектептерге жана чатырларга жайгаштырылды. Алардын референдумга добуш берүүсүнө бардык шарттар түзүлдү. Бул тууралуу Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөттүн түштүк аймактары боюнча өкүлү Исмаил Исаков бүгүн Ошто маалымат жыйыны учурунда билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын аймагында ушул тапта ден соолугуна байланыштуу келе албаган жүздөй качкын калды. Кыргызстанга кайтып келгендердин арасында документтери жоголуп кеткен болсо айыл өкмөтүнөн, тиешелүү мекемелерден аныктама алып, добуш бере алышат. “Түштүктө референдумду үзгүлтүккө учуратканга кызыктар күчтөр бар, бирок бардык күч структуралары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Күчүбүз жетет”, - деди И.Исаков. (КЕ)