Түштүк аймактарында добуш берүү УТРКдан түз көрсөтүлөт

Бул тууралуу Улуттук телерадио корпорациясынан (УТРК) кабарлашты. УТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевдин айтымында, Ош жана Жалал-Абад облустарында төрттөн кабарчы жана оператор, алардан сырткары техникалык адистер иштөөгө даяр турушат. Ал добуш берүү процесстери түз алынып көрсөтүлүп, эч кандай монтаждалбай, коментарийсиз берилерин белгиледи. Мындан сырткары УТРКнын журналисттери ар бир эки саат сайын Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынан түз обого чыгып, маалымат беришмекчи. (КЕ)