Косово көз карандысыз мамлекет бойдон калат

Бул тууралуу Финляндиянын экс-президенти, Нобел сыйлыгынын ээси Маррти Ахтисаари билдирди. Улуттар Уюмунун Эл аралык соту Косовонун көз карандысыздыгы жөнүндөгү маселеде быйыл өз чечимин айтышы керек. Соттун чечими милдеттүү түрдө аткарууга жатпайт. "Менин оюмча, баары түшүнгөнү маанилүү: соттогу талкуулардын жыйынтыгы кандай болгонуна карабай Косово көз карандысыз мамлекет болду жана ошо бойдон калат. Бул фактыны баары, анын ичинде келечекте Евросоюзга кошулууну көздөгөндөр да эске алышы керек деп эсептейм", - деп билдирди Ахтисаари Сербиянын еврошаркетке мүчө болгонго талаптанып жатканын эске алып. Белград баштагыдай эле Косовону өз территориясы деп эсептейт. Косовонун көз карандысыздыгын ушул күнгө чейин 69 өлкө тааныды.