Чек арадан качкындар өтө баштады

Коменданттык сааттын убактысы бүтөрү менен бүгүн эртең менен качкындар мекенине кайта баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматынын жетекчисинин жардамчысы “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ош, Жалал-Абад коогалаңында коңшу Өзбекстанга өтө качкан атуулдар 16-июндан баштап конуштарына кайта баштаган.

22-июнда эле Өзбекстандан 35 миңден ашуун адам кайтып келгенин чек ара кызматынан билдиришкен.

БУУнун 17-июнда маалымдашынча, Кыргызстандын түштүгүндө өткөн жумада башталган этникалык коогалаңдан улам үй-жайын таштап кеткен адамдардын саны 400 миңге жеткен.

Уюмдун Гуманитардык жардамдарды координациялоо агенттигинин өкүлү Елизабет Бирстин кабарлашынча, Өзбекстанга жаш балдарды кошпогондо эле 75 миңден 100 миңге чейин качкын өткөн. (AJ)