Никесиз эркек менен жашады деп айыпталган ирандык Сакине Мохаммеди Аштиани жакында ташбараңга алынып өлтүрүлөт.
Укук коргоочу Сохейла Багдадинин “Азаттыктын” перс кызматына айтышынча, соттун өкүмү менен Сакине айымга 2006-жылы 99 жолу палак урулуп, иш жабылган болчу. Бирок кийин сот Сакине жана анын көңүлдөшүн Сакиненин мыйзамдуу күйөөсүн өлтүргөн деп, жаңы иш козгогон. Бир иш боюнча экинчи ирет жазалоону адвокат-укук коргоочу Багдади айым мыйзамсыз деп эсептейт.
Сакине өзүнө коюлган күнөөлөрдү жалган, өзүн акмын деп, Иран өкмөтүнөн мунапыс сурады.
Иран Ислам Республикасынын 1991-жылкы мыйзым боюнча никесиз жыныстык катнашка барган ташбараңга алып өлтүрүлөт.