Швеция АЭСтерди кайра кура баштайт

Швециянын парламенти 2 добуш артыкчылык менен эски реакторлордун ордуна жаңы реакторлорду курууга тыйуу салган мораторийди токтотту.

30 жыл мурда кабыл алынган мораторийди алып салууну өткөн жылы Швециянын орточул-оңчул өкмөтү сунуш кылган.

Азыр Швециянын үч атомдук электр станциясында 10 реактор иштейт. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын теңине жакынын өндүрөт. Швецияда 1999-жылдан бери эки реактор жабылган.