7-апрель окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын экинчи отуруму болот

Бүгүн өтүүчү жыйында 6-7-апрелдеги Талас, Бишкектеги окуялардын чыгышынын себептери, 13-14-19- майдагы Ош, Жалал-Абаддагы тополоңдор боюнча маалыматтар талкууланып, тактоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган комиссиядан “Азаттыкка” билдиришти.
6-7-апрель, 13-19-май окуяларын иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамына кирген 24 адам саясий партиялардын, жарандык уюмдардын, мамлекеттик укук коргоо органдарынын өкүлдөрү. Мамкомиссиянын төрагасы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаев. (AJ)