Аргентина футболдон Түштүк Кореяны 4-1 эсебинде утуп алды

Түштүк Африкада өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Аргентина командасы бүгүн биринчи жолу мелдешке чыккан. Бүгүн дагы Нигерия Греция, Франция Мексика менен ойноп жатат. Кечээ Испания Швецариядан 0-1 эсебинде утулуп калган эле. Чили Гондурасты 1-0 эсебинде утту. Уругвай 3-1 эсебинде Түштүк Африканы жеңип, конок тосуучу өлкөнүн экинчи айлампага өтүшүнө олуттуу бөгөт түзүүдө. Буга чейин бир да дүйнөлүк футбол чемпионатын «коноктогон» өлкө экинчи айлампага өтпөй калган эмес.