Жалал-Абадда кырдаал тынчып калды

Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, бүгүн Жалал-Абад шаарында абал негизинен тынч болду. Коомдук транспорт жана шаардын чет жакасындагы соода түйүндөрү иштеп, турмуш акырындап өз нугуна түшө баштады. Сузак районунун борбору – Сузак айылында болсо жолдорду бөгөп алган жергиликтүү калк комендатуранын жолду ачуу талабына азырынча көнбөй турушат. Алар айылга кандайдыр бир топтор кирип келиши мүмкүн дешип, коопсуздугунан кооптонушууда. (SM)