Таластыктар Ошко жардам берүү ишин улантышууда

Ош коогалаңы башталгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы Талас дубанынан акчалай эсептегенде 1 млн. сомдон ашык азык түлүк жөнөтүлдү. Облустук түндүк электр башкармалыгы 80 миң сом, «АО Жолчу» акционердик коомунун жетекчиси Эсен Назаралиев 50 миң сом, Түрк диаспорасы 10 миң сом, «Замандаш» партиясынын жетекчилиги 6 миң сом жана Талас шаарынын айдоочулары 14 миң 700 сом Ошко жардам катары жөнөтүшкөн. Мындан тышкары Талас дубанынын айыл өкмөттөрүнөн тонналап ун, макарондор Талас шаарына жеткирилип жатат. (UA)