“Эл арманы” партиясынын төрагасы Мирослав Ниязовдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча түштүктөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча офицер, аскердеги адамдардан өз ыктыяры менен топтолгон 100гө чукул адам Ноокен районунда тынчтык орнотуу боюнча иш-аракеттер көрүүдө. Аталган райондо базар, дүкөндөр иштеп калды. Кыргызстандан чыгып кетүүгө белсенген качкындар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, ушу тапта кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Чек айылынан кырктай машине менен качкындар кайра Кыргызстанга кайтарылып келүүдө. (EK)