Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын соңку маалыматына караганда, Ош жана Жалал-Абаддагы кагылышууда жалпысынан 1809 адам жараат алып дарыгерлерге кайрылган. Алардын 800дөн ашууну ооруканага жаткырылып, калганына амбулатордук жардам көрсөтүлдү. (КЕ)