Ф.Кулов: Түштүктөгү окуялардын аркасында Жаныш Бакиев турат

Мындай пикирин саясаттан тышкаркы “Тилек” коомдук кыймылынын лидери, мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйында билдирди. Кыймыл мүчөлөрү Ош жана Жалал-Абаддагы окуяларды жөнгө салуу үчүн сырткы күчтөр зарыл экенин белгилешүүдө. Алардын айтымында, бул адам өлүмүн болтурбоо, жалпы эле коопсуздук маселесин тезирээк чечкенге жардам берет. Жаңы кыймылга мурдагы каржы министри Марат Султанов, экономист Жумакадыр Акенеев жана башкалар мүчө болуп кирген. Аталган кыймыл өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу иштерин уюштуруу максатында түзүлгөн. (КЕ)