Өлкөнүн түштүгүнө гумжардам жөнөтүү уланууда

Кыргызстандагы Илимий-окуу өндүрүш комплекси бүгүн Ош жана Жалал-Абад облусуна жүз миң сомдук гуманитардык жардам жөнөттү. Гумжардам негизинен тамак-аш продуктуларынан, суусундуктан турат. Бул тууралуу Эл аралык университетинин Этнология институтунун директору Табылды Акеров “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)