Дүйнөлүк футбол чемпионаты: Германия-Австралия 4:0

Түштүк Африкада футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат уланууда. Мелдештин экинчи күнү германиялык футболчулар австралиялык атаандаштарын 4:0 эсебинде утту. Гананын командасы Сербияны 1:0 эсебинде, Словения да Алжирди 1:0 эсебинде утту.