Ушул тапта Ош шаарынын борборунда башына мык кагылган таяк союлдар, темирлер менен куралданган топтор пайда болду. Алар бир катар үйлөргө чабуул уюштурушууда. Бул тууралуу шаар борборунда жашаган үйлөрдүн бирине жасалган чабуулдан араң качып кутулган Акыл аттуу жергиликтүү жаран Ош шаарында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысына маалымдады. Кечээки күнгө салыштырмалуу абал бир аз тынчый түшкөнү менен ушул сыяктуу улуттар аралык кагылыштар Оштун бир катар аймактарында маал-маалы менен орун алууда.
Мындай фактылар орун алып атканын Ош шаарынын комендатурасы да тастыктап, баш-аламандык уюштуруп аткандарга каршы улам сайын оперативдүү топтор чыгып атышканын билдиришти. Бирок күчтүн жетишсиздигине байланыштуу андай баш-аламандык болгон жерлерге күч органдарынын кызматкерлерин жөнөтүү кечеңдеген учурлар болууда. (IJz)