Футбол: Аргентина жана Түштүк Корея атаандаштарын жеңди

Түштүк Африкада футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат уланууда. Кечээ ишемби күнү Англия жана АКШнын улуттук командаларынын беттешүүсү 1:1 эсебинде аяктады. Аргентина Нигерияны 1:0 эсебинде утту. Ал эми түштүк кореялык футболчулар грекиялык атаандаштарынын дарбазасына жоопсуз эки топ киргизди.

Бүгүн Словения менен Алжирдин, Германия менен Австралиянын жана Сербия менен Гананын командалары ойношот.