Убактылуу өкмөт өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялады

Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы жиберген маалыматта өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялоо жөнүндө Декрет кабыл алынганы айтылат. Декретке ылайык, Кыргызстандын Коргоо министрлигине аскер бөлүктөрүн аскердик мезгилдин талабына ылайык даярдыкка келтирүү тапшырмасы берилди. (КС)