Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 663 адам жараат алып, 429у ооруканага жаткырылган. Оорукананын жетекчилери оорулууларды дарылоо гана эмес, алардын тамак-ашына да тынчсызданууда. Оштун базарлары жана дүкөндөрү толугу менен жабылган. Бишкектен медициналык жүк жеткирилүүдө. Ал эми кечээ түнү Бишкекте жараат алган 27 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. (КЕ)