Оштогу кандуу тополоң

Ош шаарында 11-июнда түн ичинде тополоң чыгып, кагылышта 17 киши өлүп, 201 адам жаракат алып ооруканага жеткирилди.

10 чакты имарат талкаланып, өрттөлдү.

Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, түнкү саат экиден тарта коменданттык саат киргизилди.

Шаарга аскер күчтөрү киргизилип, кырдаалды көзөмөлгө алууда.

Адамдар жыйналып, тынчтыкты сактоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.