АКШ Белоруссияга салган санкцияларын бир жылга узартты

Ал 2006-жылы жарыяланган эле жана баарыдан мурда бир катар белорус саясатчыларына багышталган. Мамлекеттик департамент белорус бийликтери саясий айрым айыпкерлерди түрмөдөн бошоткону менен ада укуктарына байланышкан олуттуу проблемаларды чече албады деп эсептейт. Өз кезегинде Белоруссиянын тышкы иштер министрлиги Вашингтондун бул чечимин "пайдасыз кадам жана тирешүү саясаты" деп атады.