Орус өкмөт башчысы бүгүн Францияга келет

Владимир Путин Парижде француз президенти Николя Саркози жана премьер-министр Франсуа Фийон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. "Түштүк агым" газ долбооруна француз капиталын тартуу жана француздардын "Мистрал" аскер кемесин сатып алуу башкы темалардан болот. Путин Россиянын улуттук көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.