Башкы прокуратура Улуттук банктын айрым жетекчи кызматкерлерине акчаны адалдоо, коррупция боюнча жана кызматынан пайдаланган деген айып коюлуп кылмыш иши козголду, деп билдирди. Улуттук банк жана коммерциялык банктардын 2005-2010-жылдагы иш-аракеттериин текшергенде “АзияУниверсалБанк”, “Манас Банк”, “Ысык-Көл”, “Кыргызкредитбанк” деген сыяктуу банктардын башчылары оффшордук аймактарда катталган компаниялардын жетекчилери менен акчаны адалдоо боюнча атайын схема иштеп чыкканы анык болгон. Убактылуу өкмөт жакында ири “АзияУниверсалБанкын” улутташтыруу тууралуу декрет чыгарды. (EBM)